Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Иллюстрация сүрөт. Папан суу сактагычы, Ош облусу.
Иллюстрация сүрөт. Папан суу сактагычы, Ош облусу.

4-ноябрда түнкүсүн Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан жаабайт.

Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...+1.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 12…14 градус болот.

XS
SM
MD
LG