Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Салык кызматы ишкерлерге кассалык аппараттарды акысыз таратууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге 10 миң гибриддик көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз берүүгө киришти. Мекеменин басма сөз кызматы ырастагандай, бул ККМди айрым себептерден улам өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерди колдоо максатында болууда.

Гибриддик ККМдер төлөм карталарын кабыл алуучу функциясы (POS-терминалы) жана кассалык чек принтери менен чогуу берилет. Маалыматка ылайык, акысыз кассалык аппаратты алуу үчүн салык төлөөчү ишмердиги катталган жериндеги аймактык салык органына кайрылса болот.

Расмий маалыматка караганда, ККМ киргизилгенден бери аны колдонгон ишкерлердин саны 55 миңге чукулдады. Дагы 50 миңге чукул ишкер аны колдоно элек.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонууга байланыштуу "Чакан жана орто ишкердик субъекттерди колдоо тууралуу" жарлыкка кол койгон. Өкмөткө ККМ боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүү тапшырылган.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка мамлекеттердин ичинен көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонууда бир канча эсе артта калганын өкмөт белгилеп келет.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек.

ККМ колдонуу талабына ишкерлер былтыртан бери каршылыгын билдирип келүүдө. Бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG