Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Түндүк Кореянын континенталдык ракетасы Жапон деңизине түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк Корея 3-ноябрдын таңында бир нече баллистикалык ракеталарды атты. Буга байланыштуу Жапониянын өкмөтү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тургундарын баш калкалоочу жайларга кирип турууга чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Түндүк Корея үч ракета коё берди. Анын бири алыскы аралыкка атылчу курал экенин түштүккореялык "Рёнхап" агенттиги жазды. Дагы бири 760 чакырым учуп, Жапон деңизине түшкөн. Агенттиктин булагы ракета экиге бөлүнгөн соң бузулуп калганын билдирди.

Ушуну менен Түндүк Корея 2022-жылдын башынан бери континенттер аралык баллистикалык ракетасын жетинчи жолу сынады. Октябрдын башында атылган ракета да Жапониянын аймагынын үстүнөн учуп өткөн.

Пхеньян 2-ноябрда Жапония тарапка кеминде 23 ракета жана 100 артиллериялык дүрмөт аткан. Алардын бири Түштүк Кореяга караштуу деңиз жээгине жакын түшкөн. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль муну "аймакка кол салуу" деп атаган. АКШнын администрациясы Түндүк Кореянын бул аракеттерин “акылсыз чечим" деп баалаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG