Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Ирандын өкүлдөрү өзөктүк келишимди сүйлөшүү үчүн кайрадан Венага барат


Хосейн Амир-Абдоллахиян
Хосейн Амир-Абдоллахиян

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиян Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел менен өзөктүк келишимди жандантуу үчүн жакын арада Венага барат. Бул тууралуу Амир-Абдоллахиян Тегерандагы атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Ирандык министрдин айтымында, сүйлөшүүлөр Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен да уланат.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада ага каршы чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде Венада башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жатат.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел бул сүйлөшүүлөрдө Батыш өлкөлөрүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн координатору катары чыгып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG