Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

Тажикстанда журналист Саидамини жети жылга эркинен ажыратылды


Завкибек Саидамини.
Завкибек Саидамини.

Дүйшөмбү шаарынын Исмаил Сомони райондук соту тажик журналисти Завкибек Саидаминини жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Бийлик журналистти тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана оппозициялык “Группа 24” кыймылы менен кызматташкан деп айыптаган.

Прокурор Саидаминини жети жарым жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Журналист сот отурумундагы акыркы сөзүндө өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган жок. "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана “Группа 24” дагы журналист менен кызматташуу тууралуу маалыматты четкен каккан. Сотко байланыштуу башка маалыматтар белгисиз.

38 жаштагы Завкибек Саидамини көп жылдардан бери көз карандысыз басылмалар менен кызматташып, Тажикстандын мамлекеттик телеканалынын Биринчи каналында иштеген.

Мамлекеттик телевидениеден кеткенден жеке ишкерлик менен алектенген, ошол эле учурда социалдык тармактарга түрдүү темадагы макалаларын жарыялап жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG