Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Кыргызстанда Элдик курултайга делегаттар шайланды


Бишкекте өткөн жергиликтүү курултай. 5-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкекте өткөн жергиликтүү курултай. 5-ноябрь, 2022-жыл.

Президенттин администрациясы 5-ноябрда Кыргызстандын бардык облустарында, Бишкек, Ош шаарларында жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында жергиликтүү курултайлар өткөнүн билдирди.

Жергиликтүү жамааттардын курултайларында 25-ноябрга белгиленген Бишкек шаарындагы биринчи Элдик курултайга делегаттар шайланып, анда талкуулана турган негизги маселелер каралды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Элдик курултайга 1074 делегат катышат.

Анын ичинен 452 айылдык аймактан 904 делегат, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат), Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30 делегат келет. Андан тышкары чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 28, диний конфессиялардан 10 делегат катышат.

5-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайга шаардан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралды. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан 16 делегат сунушталган. Бирок айрымдар тизме макулдашылбай түзүлгөнүн айтып чыгышты.

Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG