Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Орусияда түнкү клубда чыккан өрттөн 15 адам каза болду


“Полигон” түнкү клубунан чыккан өрт.
“Полигон” түнкү клубунан чыккан өрт.

Орусиянын Кострома шаарындагы “Полигон” түнкү клубунда чыккан өрттөн 15 адам каза болуп, 250дөн ашуун киши эвакуация болду.

Бул тууралуу орусиялык ТАСС маалымат агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрт пиротехникалык каражаттарды колдонуудан чыккан деп божомолдоп жатат. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

5-ноябрга караган түнү клубда жапырт мушташ болуп, тапанчадан ок атылганы айтылууда.

Клубда өрткө каршы каражаттар иштеген. Кырсыктын кесепетинен түнкү клубдун 3,5 миң чарчы метри кулап түшкөн. Өрт таңкы саат 7:30да (Москва убактысы боюнча) өчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG