Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Sky News: Орусия Украинада колго түшкөн куралдарды Иранга жашыруун жөнөткөн


Орусиянын Ил-76 учагы.
Орусиянын Ил-76 учагы.

Орусия АКШ менен Британия Украина армиясына жардам катары жөнөткөн аскердик техниканын бир тобун Ил-76 аскердик учагы менен Иранга жашыруун жөнөткөн. Бул тууралуу британиялык Sky News телеканалы анонимдүү булактын маалыматына таянып билдирди.

Кабарга ылайык, 20-август күнү эртең менен Москвадан Тегеранга учкан орус учагында 140 миллион евро накталай акча, британиялык танкка каршы NLAW ракеталары жана АКШнын Javelin жана Stinger системалары болгон.

Телеканалдын маектешинин айтымында, бул куралдар Ислам революциясынын сакчылар корпусуна батыш технологиясын үйрөнүүгө жана көчүрүүгө мүмкүндүк берген болушу мүмкүн.

Ал ошондой эле Иран Орусияга 160тан ашык учкучсуз учактарды жөнөткөнүн, арасында жанкечти "Шахид" дрондору да бар экенин билдирген. Ал белгилегендей, акыркы күндөрү Москва менен Тегерандын ортосунда учкучсуз учактарды сатуу боюнча дагы 200 миллион евролук келишим түзүлгөн. Бул Ирандан Орусияга дрондордун чоң партиясы жакында келет дегенди түшүндүрүшү мүмкүн.

Москва октябрдан бери украин шаарларына учкучсуз аппараттар менен сокку урууда. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Москва менен Тегеран муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG