Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Өзбекстан чет элдиктерге жарандык берүүнү жеңилдетүүнү көздөп жатат


Өзбекстандын желеги.
Өзбекстандын желеги.

Өзбекстанда инвестициялык долбоорлорго 1 миллион АКШ долларынан кем эмес каражат салган чет элдиктерге же белгилүү илимпоз, спортчу, маданият жана искусство ишмерине жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык берилиши мүмкүн.

“Өзбекстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү мыйзам долбоору 8-ноябрдан 23-ноябрга чейин коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо мамлекеттик башкаруу органдарына ушул мыйзамга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо жана жокко чыгаруу боюнча тапшырма да камтылган.

Бул кадам мамлекеттин инвестициялык дараметин жогорулатууга, эл аралык бизнес-коомчулуктун көңүлүн бурууга, өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга кызмат кылат деп күтүлүүдө.

Өзбекстан мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда чет элдиктерге жарандык бербеген же бул жаатта катаал эрежелерди колдонгон мамлекеттердин бири болгон.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG