Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Чек ара бөлүгүндө жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатат


Маркум Айжигит Таалайбек уулунун сүрөтү. Кара-Суу, Ош. 10-ноябрь, 2022-жыл.
Маркум Айжигит Таалайбек уулунун сүрөтү. Кара-Суу, Ош. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер А. Т. у. 9-ноябрда каза болгон.

Аталган кызмат тараткан маалыматка ылайык, маркум жоокер дене табынын ысыганына жана тамагынын оорусуна даттанып, 9-ноябрда, саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна кайрылган. Натыйжада санитардык бөлүккө жаткырылган.

"Саат 15:00 чамасында жоокердин абалы кескин начарлап, кан куса баштады. "Тез жардам" бригадасы чакыртылды. Дарыгерлер келгенде анын көз жумганын аныкташты", - деп жазылган маалыматта.

Ага ылайык, учурда жоокердин өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Бул максатта Аскер прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин катышуусунда маркумдун сөөгү соттук-медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Бишкекке кароого жиберилди.

Чек ара кызматы жоокер кайсы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатканын ачык айткан жок.

10-ноябрда Кара-Суу районунун Таш-Арык айылынын тургуну, бир ай мурда аскерге кеткен 18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулунун сөөгү үйүнө жеткирилгенин жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Алар уулунун каза болгону тууралуу кабарды 9-ноябрда укканын айтышты.

Маркумдун жакындары жоокер оорудан эмес, аскердеги өкүмзордуктан каза болгонун болжолдоп жатышат.

Айжигит Таалайбек уулу Баткен облусундагы Айдаркен чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер өз жанын кыйган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.(ZKo/AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG