Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

"Жыве Беларус!" урааны фашисттик символ деп табылды


Беларустун Ички иштер министрлиги "Жыве Беларус!" (Жаша, Беларус!) деген ураанды жана "Жыве!" деген үндөөнү тыюу салынган нацисттик символдордун тизмесине киргизди. Чечим улуттук укуктук порталга жарыяланды.

Документтеги түшүндүрмөдө оппозиция колдонуп жүргөн бул ураан экинчи дүйнөлүк согуштагы фашисттердин дивизиясы менен кызматташуу символундай экени айтылат. Эгер ал оң колду көтөрүү менен коштолбосо, нацисттик деп эсептелбейт.

“Азаттык” радиосунун беларус кызматы кабарлагандай, "Жыве Беларус!" дегенди фашисттик саламдашууга теңөөнүн демилгечиси – тарыхчы, Эл өкүлдөр палатасынын депутаты Игорь Марзалюк. Ал ураанды фашисттик "Зиг Хайль" дегендин көчүрмөсү деп эсептейт.

Ошол эле учурда "Азаттыктын" беларус кызматы "Живе Беларус!" ураанынын негиздөөчүсү улуттук адабияттын классиги Янка Купала экенин белгилейт. Бул сөздөр анын 1907-жылы жазылган ырларынын биринде бар. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин эле ураан беларус улуттук интеллигенциясынын арасында колдонулган.

Совет учурунда анын өзгөртүлгөн формасы - "Жашасын Советтик Беларус!" колдонулган. Лукашенконун бийликке келиши менен бул ураан мамлекеттик мекемелерде айтылбай калды жана оппозициянын ураанына айланды. Бирок 2020-жылы Лукашенконун тарапташтарынын митингинде да жаңырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG