Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Украин президенти Зеленский оккупациядан бошотулган Херсонго барды


Зеленский Херсондо. 14-ноябрь 2022-жыл
Зеленский Херсондо. 14-ноябрь 2022-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский Херсонго барды. Ал жактагы сапарынан тартылган сүрөттөр мамлекет башчынын Телеграм-каналына жарыяланды. Зеленский жоокерлер алдында сүйлөп, НАТОго жана калган өнөктөштөргө колдоосу үчүн рахмат айтты.

"Биз тынчтыкка, бүт өлкөбүз үчүн бейпилдикке даярбыз", - деп билдирген президенттин сөздөрүн Reuters агенттиги келтирди.

Украин лидери америкалык HIMARS реактивдүү артиллериялык системаларын алуу Киев үчүн абдан маанилүү болгонун белгиледи.

Reuters маалымдагандай, Зеленскийди Херсондун башкы аянтында украин желектерин көтөрүп чыккан жергиликтүү тургундар тосуп алышты.

Аскерлер мындан ары кайсы багытта чабуул коет деген суроого жооп берген Зеленский: “Москвага эмес, бизди башка өлкөлөрдүн жери кызыктырбайт”, - деген жообун узатты.

9-ноябрда Орусия Херсондон жана Днепр дарыясынын оң жээгинен чегинүүнү чечкен. 11-ноябрда украин армиясынын алачкы бөлүктөрү жарым жылдан ашуун оккупацияда болуп келген Херсонго кирген. Шаарга коменданттык саат киргизилген. Зеленскийдин айтымында, облустун бошотулган райондорунда 400дөн көп согуш кылмышы расмий катталган. Алар болжолу менен орус аскрелери тарабынан жасалган.

XS
SM
MD
LG