Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Депутат Икрамов бийликти Конституцияны сактоого чакырды


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бийликти, күч органдарын Кыргызстандын Баш мыйзамын сыйлоого чакырды. Депутат бүгүн, 16-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, жарандардын конституциялык укугу сакталбай жатканын айтты.

"Кечээ укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалганы боюнча көп кайрылуулар болуп жатат. Биз негизи Конституцияга каршы иштеп жатабыз. Конституциянын 39-беренесинде "жарандар тынч нааразылык акциясына чыгууга жана өз ойлорун айтууга укуктуу" деп жазылып турат. Буга карабай эле бүгүн жаш-карысына, аял-эркегине карабай алып барып, камап атабыз. Отуз жылда мындай болгон эмес. Сөз эркиндигин сактайлы. Конституциянын негизинде иштейли да. Болбосо Түркмөнстандын Конституциясын алып келип, кабыл алып берели да, ошол боюнча иш алып баралы. Мыйзам боюнча жашайлы же Түркмөнстандын мыйзамын алып келели", - деди Икрамов.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров конституциялык укугу бузулган адамдардын мыйзамсыз кармалышын Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети көзөмөлгө алууга тийиштигин айтты.

"Биздин тийиштүү комитет мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөп, талап кылмайынча мыйзамдар иштебейт. Бирок мыйзамды Жогорку Кеңеш өзү сактабаса, башка эч ким сактабайт", - деди Мадумаров.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап жаткан учурда бир катар активисттер парламенттин алдында нааразылык акциясына чыгышкан. Эки адамды: укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин кое берген.

"Фейсбуктагы" баракчасына жазган посттору үчүн милицияга түшүндүрмө берип чыкканын соцтармактын айрым колдонуучулары жазышууда.

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин ачык билдирген, соцтармактарга жазып жүргөн саясатчы, активист жана блогерлер (жалпы 26 адам) жапырт кармалган. Алардын экөө үй камагына, калгандары эки айга №1 тергөө абагына камалышкан. Дээрлик баарына "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын айтып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG