Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

17-ноябрдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -6...-11.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 4…6 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG