Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Байден Зеленскийдин ракета боюнча айткандарына ынанбай турганын айтты


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден украин лидери Владимир Зеленскийдин Польшага түшкөн ракета украин тараптан атылган эмес деген комментарийинен күмөн санайт. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Вашингтондо айтты.

"Бул эч кандай далил эмес", - деди Байден.

Ага чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Польшанын президенти Анжей Дуда 15-ноябрда Польшанын аймагындагы жардырууга Украинанын абадан коргонуу системасынын тиешеси болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Столтенбергдин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын аба чабуулдарынын мизин кайтаруу максатында атылган украиндердин ракетасы Польшанын аймагына түшкөн болушу ыктымал. Анткени 15-ноябрда орус армиясы Украинанын шаарларын абадан жапырт аткылаган. Ошентсе да баш катчы мунун баарына мыйзамсыз согушту улантып жаткан Орусия жооптуу экенин баса белгиледи.

Бирок Украинанын президенти Владимир Зеленский бул орусиялыктардын ракетасы экенин билдирген. Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов Киев Батыш мамлекеттери менен биргеликте иликтөө жүргүзүүнү көздөй турганын айтып, өнөктөштөрүнө орустардын изин далилдеген маалыматты берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Польшанын чыгышында, Украина менен чек арадан алты чакырымдай жерде жайгашкан Пшеводув айылына ракета 15-ноябрь күнү түштөн кийин түшкөн. Алгач Польшанын Тышкы иштер министрлиги Орусияда жасалган ракетадан эки кишинин өмүрү кыйылганын билдирген. Москва расмий Варшаванын билдирүүсүн четке кагып, "атайлап жасалган чагым" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG