Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Жогорку Кеңештин алдында Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүп жатат


Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык акциясы. Бишкек. 17-ноябрь, 2022-жыл.
Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык акциясы. Бишкек. 17-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Акцияга болжолдуу жыйырма чакты киши катышууда. Алар парламент депутаттарын кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашуунун долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.

Ага чейин Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта да ушундай эле талап менен акция башталган. Анын айрым катышуучулары да парламент имаратынын алдында чыккандарга кошулду.

Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароодо.

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чек араны тактоодо Кыргызстан утушта экенин айтышты.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 14-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациялаган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (AiB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG