Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынат. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралып, колдоо тапкандан кийинки жыйынтыктоочу сөзүндө президент Садыр Жапаров билдирди:

“Эми Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. Бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миңден ашыгыраак чарчы чакырым болуп биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да бүтүрөбүз”.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери 2022-жылдын апрель айында ырасташкан.

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү кагылыштар токтобой келет. Алардын соңкусу быйыл 16-17-сентябрда катталды. Кан төгүлгөн бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Расмий Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан анда бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 81 кишинин тизмесин жарыялаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG