Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

УКМК: Көлбаев кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилди


Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.
Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-ноябрда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан “кримтөбөл” атыккан Камчы Көлбаев (ред: Камчы Асанбек) жана ага жакын санаалаш 10 киши кармалганын билдирди. Атайын кызмат аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра коё берилгенин кошумчалады.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында сегиз даана ок атуучу курал (төрт “Сайга” карабини жана төрт даана “ПМ” жана “Глок” үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган”, - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Камчы Көлбөаев жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракетинде Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу” беренеси бар экени аныкталган. Ушул тапта тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Камчы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошоп чыккан.

Ал 2021-жылы “Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу” беренеси менен шек саналып кармалып, Бишкек шаардык соту 2-мартта кайра эркиндикке чыгарганы белгилүү болгон. (BTo)

Камчы Көлбаев жана анын жанындагылардан табылган куралдар. УКМК тараткан сүрөт.
Камчы Көлбаев жана анын жанындагылардан табылган куралдар. УКМК тараткан сүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG