Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Садыркуловдун өлүмү: Айыпталуучу акыркы сөзүн айтты


Санжар Сапарбеков. Архивдик сүрөт.
Санжар Сапарбеков. Архивдик сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда бүгүн 18-ноябрда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу сот уланууда.

АКИpress маалымат агенттиги билдиргендей, айыпталуучу Санжар Сапарбеков акыркы сөзүн сүйлөп, күнөөсү жок экенин айтты. Ал күнөөлүү экенин тастыктаган далилдер жоктугун, эч ким ага каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи.

Судья Бекболот Жаналиев өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти.

Башкы прокуратура Сапарбековду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып, жабыркаган тарапка 5,8 миллион сом кенемте төлөтүүнү сунуш кылууда.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков 2021-жылы ноябрда кармалган. Тергөөнүн версиясында айтылгандай, кикбоксинг боюнча чемпион Сапарбеков Садыркуловду бетине катуу муштап уруп, эсинен тандыргандан кийин муунтуп өлтүргөн. Соттун алгачкы отуруму 7-февралда өткөн.

Сапарбековго каршы көрсөтмө берген айрым күбөлөр кийин айткандарынан баш тартып коюшканы айтылган.

Садыркулов Бакиевдин аппарат башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, март айында табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов жана саясат таануучу Сергей Слепченко менен шоопур Кубат Сулайманов отуруп бараткан “Лексус” машинасы “Ауди” менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. Көп өтпөй, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин ал айдоочуну бычактап өлтүрүп кетишкен.

Садыркуловдун өлүмү 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайра иликтене баштаган. Экинчи тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев менен начар мамиледе болгон жана күчтүү уюштургуч экенин жакшы билген Бакиевдер анын көзүн тазалоого барган. Тагыраагы – Садыркуловду өлтүрүп, муну коомчулукка жол кырсыгы катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. 2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен бул үчүн беш адам 5-18 жылга эркинен ажыратылган. Алардын арасында Мамлекеттик күзөт кызматынын үч кызматкери, “кылмыштуу топтун” мүчөсү деген бир киши жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG