Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Орусиянын аба соккуларынан 10 миллиондой украиналык жарыксыз калды


Ракеталык чабуулдардан улам электр жарыгы жок калган украиналык аял. 17-ноябрь, 2022-жыл.
Ракеталык чабуулдардан улам электр жарыгы жок калган украиналык аял. 17-ноябрь, 2022-жыл.

Орус армиясынын ракеталык чабуулдарынан 10 миллиондой украиналык электр жарыгы жок калды. Бул тууралуу 17-ноябрга караган түнү украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бейшембиде орус армиясы бир катар шаар-кыштактарды абадан аткылап, Запорожье облусунун Вольнянск шаарында жети адам каза болду.

"Орусия кайрадан кезектеги терактыны ишке ашырып, эрте менен ондогон ракеталарды аткылады. Алардын башкы максаты - жарандык обьектилер. Орусия карапайым тургундарга жылуулук жана электр жарыгы жетпей калсын деп электр станцияларды жана башка энергетикалык обьектилерди жардырып жатат", - деди Зеленский.

Украинанын абадан коргонуу системасы алты ракета жана беш учкучсуз аппаратты атып түшүрдү.

Ал арада жакында эле бошотулган Херсон облусунда тергөөчүлөр кыйноонун издери бар 63 сөөктү табышкан. Бул тууралуу ички иштер министри Денис Монастырский билдирди. Андан тышкары аймакта адамдарды кыйноого ала турган атайын камералар табылганы кабарланды. Жогорку Раданын адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинецтин айтымында, адамдарды өлтүрөр алдында ток менен кыйнап, темир таяктар менен сабашкан.

Орус бийлиги Херсонду колдон чыгарганын 10-ноябрда моюнуна алып, аскерлерин чыгарып кеткен.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG