Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 142 миллиард сомго жетти


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 142 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу 18-ноябрда финансы министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңеште “Ыйман Нуру” фракциясынын жыйынында айтты. Бакетаев Энергетика министрлигинин бересесин бюджеттен жана чет жактан алынган карыз, насыялар түзөрүн билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы январда президенттик кызматка киришип жатканда энергетика системасынын карызы 137 миллиард сомго жеткенин жарыялаган.

Кыргызстан тышкы карыздын көбүн жол жана энергетика тармагына алган. Маалымат боюнча, “Датка-Кемин” долбооруна 389 миллион доллар, Бишкек Жылуулук электр борбору үчүн 386 миллион доллар, Токтогул ГЭСин реабилитация долбооруна 375 миллион доллар насыя алынган.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салууга Эксимбанк жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары 857 миллион доллар насыя берген.

Өлкөнүн мамлекеттик карызы 30-сентябрга карата 5 миллиард 217,88 миллион долларга (ред: 418 миллиард 384,37 миллион сом) жетти. Анын ичинен 4 миллиард 162,6 миллион доллары (333 миллиард 769,18 миллион сом) тышкы, 1 миллиард 55,28 миллион доллары (84 миллиард 615,19 миллион сом) ички карыз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG