Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Монтенегродо 10 миңдей киши кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды


Подгорицадагы нааразылык акциясы. 17-ноябрь, 2022-жыл.
Подгорицадагы нааразылык акциясы. 17-ноябрь, 2022-жыл.

Монтенегронун баш калаасы Подгорицада 17-ноябрда он миңден көп адам парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар президенттин ыйгарым укуктары тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Акцияны «Биз көппүз» кыймылы уюштурду. Чогулгандар «Биз Черногория, Евробиримдик үчүн», «Шайлоону талап кылабыз» деген ураандарды чакырып, Монтенегро, Евробиримдик менен АКШнын желектерин көтөрүп турушту.

Парламентте орусиячыл Демократиялык фронт башында турган көпчүлүк коалиция эки айдан бери өкмөт түзө албай, ошол эле учурда кайра шайлоо дайындоодон баш тартууда.

Монтенегро НАТОго мүчө жана Евробиримдикке кирүүгө талапкер мамлекет. 620 миңдей калкы бар чакан өлкө 2006-жылы Сербиядан көз карандысыздык жарыялаган. Анткен менен калкынын үчтөн бир бөлүгү өздөрүн серб деп санайт жана Монтенегро өз алдынча өлкө болбошу керек деген пикирди карманышат.

Оппозия мамлекет эки жылдан бери баткан саясий кризистен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү менен гана чечсе болот деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG