Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Жарандык форумдагы көргөзмөгө "Азаттыктын" кабарчысынын сүрөттөрү коюлду


"Азаттыктын" кабарчысы тарткан сүрөт форумдагы көргөзмөдө. Бишкек. 19-ноябрь, 2022-жыл.
"Азаттыктын" кабарчысы тарткан сүрөт форумдагы көргөзмөдө. Бишкек. 19-ноябрь, 2022-жыл.

19-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мага баары бир эмес" деген аталыштагы жарандык форумда мамлекет жана жарандуулук темасында сүрөт көргөзмөсү өттү. Ага "Азаттыктын" фотокабарчысы Гүлжан Турдубаева жана сүрөтчүлөр Данил Усманов, Гулиза Урустамбек кызы жана Илья Денбровдун эмгектери коюлган.

"Азаттыктын" кабарчысынын сүрөт көргөзмөсү. ЮНИСЕФ Бишкек. 19-ноябрь, 2022-жыл.
"Азаттыктын" кабарчысынын сүрөт көргөзмөсү. ЮНИСЕФ Бишкек. 19-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик, укук, демократия" деген сессиялардын алкагында талкуулар жүрүүдө. Иш-чарага саясат таануучулар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана башка жарандар катышып жатышат.

Гүлжан Турдубаева тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү 17-ноябрда да өткөн. ЮНИСЕФ уюштурган көргөзмө "Миграция шартында балдарды коргоо" деген аталышта өткөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG