Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

COP27: Климаттын өзгөрүшүнөн жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүлөт


БУУнун COP27 саммитине катышкан дүйнө лидерлери, 7-ноябрь, 2022-жыл.
БУУнун COP27 саммитине катышкан дүйнө лидерлери, 7-ноябрь, 2022-жыл.

Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында уюштурулган COP27 саммитинин акыркы күнүндө климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүүчү фонд түзүү демилгеси колдоо тапты. Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган бул иш-чарасына катышкан дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнүн делегациялары акыркы келишимди жекшембинин таңына чейин талкуулашты.

Келишимге ылайык, климаттагы өзгөрүүлөр түрткү берген суу-ташкын, кургакчылык жана ачарчылык сыяктуу жаратылыш кырсыктарына туш болгон жакыр мамлекеттерге кенемте төлөнөт.

Ошондой эле бул документ планетадагы абанын табынын көтөрүлүшүн өндүрүштүк доорго чейинки мезгилге салыштырмалуу 1,5 градустан ашырбай кармап туруу жөнүндө буга чейинки эл аралык милдеттемени дагы бир жолу бекемдейт.

Пакистандын экология министри Шерри Рехман жакыр өлкөлөргө жардам берүүчү фонддүн түзүлүшүн оң жылыш катары баалап, Исламабад бул чечимди 30 жылдан бери күтүп келгенин айтты.

Бирок айрым адистер COP27 саммитинде климаттын өзгөрүшүнө себеп болгон зыяндуу газдардын көлөмүн азайтуу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалбаганын сындашууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш климат фонду түзүлгөнүн кубаттаганы менен бул чара дүйнөдө абанын табынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн жетишсиз экенин айтты. Ал Жер шарынын температурасын 1,5 градустан ашырбай кармоо үчүн жашыл энергиянын булактарына көп инвестиция салынышы керек экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG