Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Подоляк Орусия менен сүйлөшүү капитуляцияга тете экенин билдирди


Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Владимир Подоляк.
Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Владимир Подоляк.

Украин президенти Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Владимир Подоляк Батыш мамлекеттеринин Киевди Орусия менен сүйлөшүүгө көндүрүү аракетин таң калычтуу деп мүнөздөдү.

Ал украин күчтөрү фронтто алдыга жылып жаткан шартта Москва менен сүйлөшүү Киевдин капитуляциясына барабар болорун "Франц-пресс" жаңылыктар агенттигине айтты.

Ошондой эле Подоляк Москва Киевге түз сунуштарын бербегенин, бирок ортомчулар аркылуу болжолдуу сүйлөшүүгө жана ок атышууну токтотууга даярдыгын ишарат кылып жатканын белгиледи.

"Чынында Орусия сүйлөшүү үстөлүнө отурат жана бир нерсени сунуш кылат. Бирок ал тынчтык жана биздин аймактарды бошотуу жөнүндө сунуштарды бербейт. Болгону убакытты созо берет. Бул убакыт ичинде мобилизацияланган күчтөрүн машыктырып, кошумча курал-жарак, эң башкысы оор артиллерия үчүн ок-дары табат жана Днепрдин боюна тосмолорду курат", - деди Подоляк.

Мунун алдында Кошмо Штаттар Украинаны Орусия менен сүйлөшүүлөргө ачык болууга чакырганы кабарланган. 16-ноябрда АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли Вашингтон жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Киевге колдоо көрсөтүүнү уланта берерин, бирок аскердик жактан Украинада орус күчтөрүн өз аймагынан, анын ичинде Крымдан толук сүрүп чыгаруу ыктымалдыгы аз экенин айткан. Ал украин күчтөрүнүн согуш тилкесиндеги соңку ийгиликтери Киевге сүйлөшүүлөр үстөлүндө артыкчылык берерин белгилеген.

Аны улай 18-ноябрда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин басма сөз өкүлү Жон Кирби АКШ Киевди Орусия менен сүйлөшүүгө же кайсы бир аймагынан баш тартууга мажбурлабаганын айткан.

Дээрлик эки апта мурда украин күчтөрү Херсон шаарын бошоткон. Бул орус күчтөрү 24-февралдан бери ээлеп турган ири шаар болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG