Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Акылбек Жапаров начар иштеген жетекчилерге чара көрүлөрүн айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишине байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Айбек Алтынбеков бажы төлөмдөрү быйыл 24 миллиард сомго аз чогулганын, берилген тапшырма аткарылбай калганын айтып, бул кызматтын башчысына чара көрүүнү сунуштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исабеков тууралуу комментарий берип жатып, жыл аягында ишин аткара албаган жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

"Жакында анын биринчи орун басарын алмаштырдык. 20-декабрда бардык министрликтердин, агенттиктердин ишинин жыйынтыгын чыгарабыз. Президенттин, парламенттин жана өкмөттүн тапшырмаларын аткарбаган жетекчилер менен коштошобуз. Жакында эле төрт министрди иштен алганбыз. Биз эч кимди "тууганым экен, досум экен" деп карабайбыз. Ошонун ичинде Бажы кызматы дагы бар. Эмдиги жылга кескин реформаларга даярданып жатабыз. Быйыл бажы төлөмдөрү 26 миллиард сомго көп чогулду. Биз ага (Исабековго -ред) "50 миллиард сом көп бересиң" дегенбиз. Ушул чогулбай калган 24 миллиарддын 7 миллиарды согуш болгондуктан Орусиядан келбей калды. Дагы 7 миллиард сомго түшүндүрмөлөр бар. Калган 10 миллиарды административдик кемчилик болуп жатат. Биз аны жоюунун алкагында иштерди жүргүзүп жатабыз",-деди Жапаров.

Исабеков бул кызматка ушул жылдын башында кайра дайындалган. Ал былтыр 7-июнда бул кызматка дайындалып, ошол жылы 26-октябрда кайра иштен алынган.

Исабеков 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштеп келет.

Быйыл январь айында Улуттук коопсуздук комитети ошол кездеги Бажы кызматынын жетекчиси Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап камаган. Ал март айында үй камагына чыккан жана сот ага бир миллион сом айып пул салганы мындан эки ай мурун белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG