Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Тажик абагында президентти сындаган юрист жаза камерасына киргизилди


 Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Тажикстандын абагында узак мөөнөткө камалган юрист Бузургмехр Ёров тажик президенти Эмомали Рахмондун ролун талкуулаганы үчүн 15 күнгө жаза камерасына киргизилди.

Анын бир тууганы, "Бузургмехр" фондунун жетекчиси Жамшед Ёров 20-ноябрда "Озоди" радиосуна билдиргендей, окуя 16-ноябрдагы Президент күнүн утурлай болгон.

"Абак өкүлдөрү менен Бузургмехрдин ортосунда Эмомали Рахмондун коомдогу жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу талаш-тартыш болгон. Бир тууганымдын сын-пикири маектештерине жакпай, аны жазалоочу камерага камашкан. Тажик бийлиги ушундай жол менен саясий туткундарга кысым көрсөтүүнү улантууда", - деди Жамшед Ёров.

Анын айтымында, Бузургмехр бир жумадан бери туугандары менен байланыша элек. Вахдаттагы колониядагы бир нече булактар анын жаза камерасында экенин тастыкташкан.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган.

2016-жылы Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 28 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал эми дагы 11 жыл абак мөөнөтүн өтөйт. Ёровго "көз боёмочулук", "документтерди мыйзамсыз жасоо" жана "президентке акарат келтирүү" деген бир нече айып коюлган. Ал айыптарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG