Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады


Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-ноябрда Касым-Жомарт Токаевге телефон чалып, анын Казакстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, "сүйлөшүү учурунда Жапаров Токаевдин жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгы Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктаганын айтты", - деп жазылган.

Ошондой эле "өлкө лидерлери өз ара алака-катыштын келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, андан сырткары 9-декабрда Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына даярдыкты талкуулады", - деп белгиленген.

Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду. Экинчи сапка 5,2% менен "баарына каршы" деген графа чыкты.

Коңшу мамлекеттеги атаандашсыз өткөн бул шайлоо айрым шаарларда жарандык активисттердин кармалышы менен коштолду.

XS
SM
MD
LG