Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Азиза Абдирасулованын соту 23-ноябрда уланат


Азиза Абдирасулова сот залында.
Азиза Абдирасулова сот залында.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Азиза Абдирасулованын ишин кароо башталып, укук коргоочу материалдар менен таанышууга убакыт сурады. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, жараян 23-ноябрда уланмай болду. Ал сотто эч кандай күнөөсүз экенин билдирди.

“Бул алдын-ала даярдалган саясий куугунтук. Мен эч кандай мызам бузган жокмун. Ал күнү мен тынч жыйындын катышуучусу эмес болчумун. Мени артымдан кууп жүрүп кармашты”, - деди ал.

Абдирасулова 15-ноябрда парламент имаратынын жанында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразычылык акциясына байкоо салуу үчүн барып, милицияда төрт саат кармалып чыккан. Анын менен кошо кармалган активист Сапар Аргымбаев экөөнө Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, "Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренесинин негизинде протокол толтурулган.

Ал 14-ноябрдын кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырып, Фейсбукта жазган билдирүүлөрү үчүн эскертүү бергенин жарыялаган. Ал өзүнүн кармалышын укук коргоочулук имшердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Абдирасулова Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча карамлган отуздай саясатчы, жарандык активист, блогерлердин сотторуна катышып, социалдык тармактар аркылуу маалымат таратып жатат.

14-ноябрдагы президент катышкан парламент жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылып, бийликке сын айткан аялдарга күч кызматкерлеринин мамилесине көңүл бурууну суранган. Эл өкүлүнүн өтүнүчүнө президент Жапаров дароо жооп кайтарып, “мыйзам баарына бирдей” деп айткан болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG