Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 22-ноябрда жарыялап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 81% көбүрөөк добуш менен жеңип чыкканы маалымдалды. Эл аралык байкоочулар Токаевди "атаандашсыз утканын" айтып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда өтө турганын маалымдады.

Жекшембидеги шайлоого катышкан жарандардын 5,8% "баарына каршы" добуш беришкен. Ага азыркы президенттен тышкары коомчулукка көп тааныш эмес дагы беш талапкер катышты. Алардын ар бири 2-3% тегерегинде добуш топтоду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу шайлоо "атаандаштыктан алыс саясий кырдаалда" жана чыныгы плюрализми жок шартта өткөнүн билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министри буга жооп берип, аталган уюмду "калыс эмес" деген.

Казакстандык көз карандысыз байкоочулар добуш берүү күнү ондогон мыйзам бузуулар болгонун, активисттер кармалганын маалымдашкан. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүдө мыйзамсыздыктар болгонун четке каккан.

XS
SM
MD
LG