Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 250дөн ашты


Индонезиянын Ява аралындагы зилзаланын курмандыктары 250дөн ашты. Арасында балдар да бар экенин Reuters агенттиги жазды.

BBC радиосу жер титирөөдө каза болгондордун жана жаракат алгандардын көбү балдар экенин, өлгөндөрдүн саны 270ке чамалаганын куткаруучулардын маалыматына таянып билдирди.

22-ноябрда кырсык болгон жерге барган өлкө президенти Жоко Видодо урандылардын астында калгандарды куткарууга жана коопсуз жерге чыгарууга артыкчылык берилип жатканын айтты.

Бийлик жабыркагандарга кенемте төлөнө турганын маалымдады.

Жекшембиде күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн дагы жүздөгөн тургун жараат алды. Расмий маалыматка ылайык, аралда жашаган 14 миңдей киши там-ташынан ажырап, качкындар лагерлерине жайгаштырылды.

Батыш Ява провинциясынын башчысы Ридван Камил журналисттерге каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, 13 миңден ашуун киши үй-жайын таштап, качып чыкты, 2 миңдей үй кыйроого учураган.

Индонезия сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймак. Өлкө жайгашкан жер Тынч океандагы тектоникалык активдүү алкакта турат.

2004-жылы катуу зилзала болуп, миңдеген кишилер набыт болгон. 2018-жылы Сулавеси аралындагы катуу жер титирөө жана цунамиден миңдеген имараттар жабыркап, 2 миңден ашуун адам каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG