Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

АКШ: Виржиниядагы супермаркетте атышуудан бир нече адам каза болду


АКШнын Виржиния штатындагы супермаркетте куралдуу кол салуудан онго жакын адам каза таап, көп сандаган киши жараат алды. Окуя 22-ноябрда түндө Чесапик шаарындагы Walmart супермаркетинде болду.

Ок аткан адам дүкөндүн кызматкери деп болжолдонууда. Ал бир канча кишини өлтүргөндөн кийин өзүн да атып салган.

Жергиликтүү полициянын басма сөз катчысы Лео Косински ок аткан кишинин шериги жок экенин айтты.

Walmart кызматкерлери "каргашалуу окуядан нес болуп калышканын", укук коргоо органдарына зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

АКШнын Виржиния штатынын сенатору Марк Уорнер бул окуяны жийиркеничтүү деп мүнөздөдү. Дагы бир сенатор Луиза Лукас Твиттерге "өлкөдөгү куралдуу зомбулук эпидемиясын токтотууга чечим табылмайынча көңүлү жай таппай турганын" жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG