Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

"Манчестер Юнайтед" клубу Криштиану Роналду менен келишимин үздү


Криштиану Роналду.
Криштиану Роналду.

Англиянын "Манчестер Юнайтед" футбол клубу Криштиану Роналду менен келишимди үздү. Расмий кабарга ылайык, португалиялык спортчу өз ара макулдашуу менен дароо клубдан кетип жатат.

Клуб ага "Олд Траффорддогу" эбегейсиз салымы, 346 беттеште 145 гол киргизгени үчүн ыраазычылык билдирип, ага жана үй-бүлөсүнө келечектеги жакшылыктарды каалады.

Клубдун билдирүүсүндө, "Манчестер Юнайтеддеги" бардык адамдар Эрик Тен Хагдын жетекчилиги менен команданы өнүктүрүүнү улантууга жана оюн талаасында ийгиликке жетүү үчүн биргелешип иштөөгө багытталганы айтылат.

Жакында Роналду британиялык теле алып баруучу Пирс Морганга интервью бергенде Хаг менен мамилеси жакшы эместигин айтып, анын жетекчилик ишин сынга алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG