Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Астана "Россия-1" каналындагы пикирге байланыштуу тынчсыздануу билдирди


Казакстандын туусунун алдында турган укук коргоо кызматкери.
Казакстандын туусунун алдында турган укук коргоо кызматкери.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко кремлчил эксперттин “Украинадан кийинки көйгөй – Казакстан” деген билдирүүсүнө комментарий берди.

“Биринчиден, бул Орусия бийлигинин расмий позициясы эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бул Казакстан менен Орусиянын салттуу тыгыз карым-катнашына доо кетирет. Үчүнчүдөн, Орусия бийлиги буга тиешелүү рекация жасаса туура болот деп эсептейбиз”, - деди Василенко.

“Россия-1” телеканалынын “Вечер с Владимиром Соловьевым” аттуу программасында саясат таануучу Дмитрий Дробницкий "Казакстанда да Украинадагыдай нацисттик жараяндар башталышы мүмкүн" экенин билдирип, “Украинадан кийинки көйгөй – Казакстан” деген. Анын сүйлөгөнү жазылган тасма 22-ноябрда социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкууланып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл февралда Украинага "атайын операция" жасоонун бир себебин денацификация (нацисттик идеалогиядан арылтуу) деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG