Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Алматыда Elmedia редакциясынын терезесин дагы талкалап кетишти


Алматыда Elmedia YouTube каналынын редакциясынын терезелерин 23-ноябрга караган түнү белгисиз кишилер талкалап кетишти. Редакция Телеграм каналы аркылуу бул экинчи чабуул экенин билдирди.

20-ноябрга караган түнү – президенттик шайлоонун алдында белгисиз кишилер тышкы каалганын айнектерин талкалашкан. Бул ирет экинчи катардагы айнектерди сындырышкан.

Редакция муну кызматкерлерди коркутууга багытталган аракет катары сыпаттап жатат.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун "Сөз эркиндигинин индексинде" 2022-жылга карата Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан. Уюм өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын оор деп баалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG