Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

АКШ тажик абагындагы Шамил Хакимовду бошотууга чакырды


Шамил Хакимов сот залында.
Шамил Хакимов сот залында.

Вашингтон Тажикстанда “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун түрмөдөгү мүчөсү Шамил Хакимовдун саламаттыгына тынчсызданууда.

АКШнын Тажикстандагы элчилиги 22-ноябрда тараткан билдирүүсүндө Хакимов ооруп жатканына карабай сот анын дарылануу өтүнүчүн четке какканын айтты.

2019-жылы күзүндө Шамил Хакимов расалык, улуттук же диний кастыкты козутуу айыбы менен 7,5 жылга камалган. Ал тыюу салынган диний китептерди таратууга, экстремисттик мүнөздөгү сүрөт жана видеоматериалдарды сактоого шек саналган. Туугандары анын буту ооруй турганын жана гипертониясы бар экенин айтышкан. Быйыл 8-ноябрда адвокаты Хакимовдун бир көзү такыр көрбөй калганын кабарлаган.

АКШ элчилиги Тажикстан бийлигин 71 жаштагы Хакимовдун дарыланышына тоскоолдуксуз шарт түзүп берүүгө чакырды. Буга чейин эки америкалык сенатор да тажик өкмөтүн Хакимовду бошотууга үндөшкөн.

Адвокаттар президентке жана Тажикстандын башка бийлик түзүмдөрүнө ушундай өтүнүч жолдошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG