Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Түркмөнстан: ботокс сайдырып, кирпик чаптаган аялдар сыртка чыгарылбай жатат


Ашхабаддагы аэропорт.
Ашхабаддагы аэропорт.

Түркмөнстандын миграциялык кызматы ботокс сайдырып, кошумча кирпик, жасалма тырмак чаптаган аялдарды аэропортто эл аралык каттамдарга өткөрбөй жатат. Бул тууралуу бир канча жүргүнчү менен сүйлөшкөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Миграция кызматкерлери бул жогору жактан берилген буйрук экенин айтышкан. Бийликтин жүйөсүнө ылайык, жасалма эрин, кирпиктерди компьютердин жүз таануу программасы аныктай албайт.

Түркмөнстанда мартта Сердар Бердымухамедов президент болуп шайлангандан кийин аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. Өлкөдө айрым косметикалык операцияларга тыюу салынган. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандар кармалган, айыппул салынган учурлар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG