Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирди


АКШ Мамдепартаментинин маалымат катчысы Нед Прайс.
АКШ Мамдепартаментинин маалымат катчысы Нед Прайс.

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс журналист Болот Темировдун Кыргызстандан депортацияланышына тынчсыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу Твиттерге жазды.

"Журналисттерди өз ишин кылганы үчүн эч качан жазалабаш керек. Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү. Сөз эркиндигин муунтуу аракети аброюна шек келтирүүдө", - деп жазды Прайс.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар журналисттин күчтөп өлкөдөн чыгарылышын кескин айыптаган билдирүүлөрдү таратышкан.

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон. Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кеткен. Иликтөөчү сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы отурумдунда Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча чечимди сот чыгарганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура дагы бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айтты.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Журналист бул айыпты четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG