Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Бишкек: Гараждын жерин бошотуу нааразылык жаратты


Бишкек. Гараждардын жерин бошотуу. 2022-жылдын 24-ноябры.
Бишкек. Гараждардын жерин бошотуу. 2022-жылдын 24-ноябры.

Бишкек шаарында совет мезгилинде курулган, муниципалдык жерде жайгашкан деген менчик гараждарды алуу аракети бүгүн, 24-ноябрда да гараж ээлеринин нааразылыгына туш болду. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан №12 гараж кооперативинин аймагында 200дөн ашык машинелик орун бар.

Мэрия ал жерге көп кабаттуу унаа токтотуучу жай, спорт комплексин курууну убада кылууда.

Гараж ээлери кооперативге 1973-жылдан бери мүчө экенин, мэрия аларга жеке буюмдарын алып кетүүгө убакыт бербегенин, шаар башкармалыгынын аракети мыйзамсыз экенин айтып, нааразылык билдиришти. Айрымдары гараждарды бузуп жаткан жумушчулар менен кармашып, аларды милиция ажыратып жатты.

Кооперативдин юристинин айтымында, 80 сотка жерде 235 гараж бар, машина ээлери муниципалдык жерде турган бул жай үчүн ай сайын акча төлөшөт.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев жерди бошотуу иши мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтып, бул үчүн соттун чечими зарыл эмес экенин, гараждар алынары тууралуу алардын ээлерине эскертүү берилгенин билдирди.

Бишкекте гараж кооперативдеринин менчик укуктарын иретке келтирүү иши башталганын 16-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 100-1500 машиналык орунга эсептелген жер тилкелерин ээлеп турган кооперативдердин ал жерге менчик укугу жок, алар муниципалдык жерди пайдаланып турганы үчүн ижара акысын төлөбөйт.

Кыргызстандын “Жер кодексине” ылайык, жеке же мамлекеттик менчик катары расмий катталбаган жер тилкелеринин баары муниципалдык менчик болуп эсептелерин эскерткен мэрия кооператив ээлерин Бишкектин токтотмолор ишканасы менен жеке же жамааттык келишимин түзүүгө чакырып кайрылды.

Бишкектин чет жакасындагы гараждар Советтер Союзу учурунда курулган. Быйыл жазында 11-кичи райондогу ири гаражды мэрия бузуп, жерди бошоткон. Гараж ээлери мэрия мыйзам бузуп жатканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. Анда да милиция кийлигишүүгө мажбур болгон. Ал жерге эмне курулары азырынча расмий айтыла элек. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG