Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Краснодардагы курал колдонулган жаңжалда төрт адам каза болду


Орусиянын Краснодар аймагында курал колдонулган жаңжалда төрт адамдын өмүрү кыйылды. Крымск шаарындагы бул окуя тууралуу РИА Новости агенттиги Ички иштер министрлигине таянып билдирди.

Каза болгондордун арасында ок аткан адам да бар.

Baza Telegram каналы куралчан кишинин аты-жөнү Владимир Жиров экенин жазды. Баштапкы маалыматтарга караганда, Жиров мурдагы аялы менен уулуна сотто утулуп калгандан кийин сыртта жаңжалдашкан. Алардын маселеси батирге байланыштуу экени айтылууда.

Айрым маалыматтарда Жиров соода борборунда курал колдонгону айтылса, башкасында окуя медициналык борбордо экени айтылат. Ал жанынан өтүп бараткандарды атып, кийин өзүн атканы кабарланууда.

Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG