Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Кытайдын бийлиги акцияга чыккандарга карата тергөө иштерин күчөттү


Кытайдагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын бийлиги COVID-19 вирусуна байланыштуу чектөөлөргө каршы эс алуу күндөрү митингге чыккандардын үстүнөн тергөө иштерин күчөтүп, аларды тыкыр издей баштады. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги митингге чыккан жергиликтүү тургундарга таянуу менен кабарлады.

Каршылыкка чыккандардын айрымдары түз эле кармалса, кээлери полицияга келүүгө милдеттендирилген.

Кытайдын Коомдук коопсуздук бюросу журналисттердин бул боюнча суроо-талаптарына жооп берген эмес.

26-27-ноябрь күндөрү Кытайдын бир катар шаарларында коронавирустан улам карантин киргизилип жатканына каршы массалык акциялары тутанды. Бийлик вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип жаткан.

28-29-ноябрь күндөрү да айрым жерлерде аз-аздан же жеке акцияларга чыккандар болду. Негизги шаарлардын көчөлөрүндө полиция күчөтүлгөн режимде күзөтүп жатат. Басылмалар таратып жаткан видеолордо көчөдөгү бирин-серин адамдар кармалып жатканын көрүүгө болот.

Каршылык акциялары Үрүмчү шаарында чыккан өрттөн он адам каза болгондон кийин башталды. Бул шаар үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт. Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG