Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды


Элчи Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын ТИМ башчысынын орун басары Бахромжон Алоев менен жолугушуусу.
Элчи Муса Жаманбаевдин Өзбекстандын ТИМ башчысынын орун басары Бахромжон Алоев менен жолугушуусу.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүү жараяны аяктаганы 28-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Алоев менен жолугушуусунда канааттануу менен белгиленгенин Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси 29-ноябрда билдирди.

Мекеме дипломаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери маанилүү стратегиялык документтерге кол коюп, сүйлөшүү жараянын жыйынтыкташканын, эки өлкө саясий диалогдун жогорку деңгээлине жетишкенин жана соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттырууга даярдыгын билдиришкенин белгиледи.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Өзбек парламенти - Олий Мажлистин Сенаты келишимди 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Андижан суу сактагычы деп атайт.

Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG