Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

ЮНИСЕФ: Бишкекте булганыч абанын айынан бир жылда 112 киши каза болду


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

ЮНИСЕФтин "Булганыч абанын аялдар менен балдардын саламаттыгына, социалдык жашоосуна тийгизген таасири" деп аталган изилдөөсүнүн авторлору Бишкектеги абанын булганышынан бир жылда 112 адам көз жумду деген тыянакка келишкен.

"Булганыч аба адамдарды эрте өлүмгө дуушар кылып, ден соолугуна олуттуу зыян тийгизгени баш калаадагы чоң көйгөй болууда. Эксперттердин эсебинде 2021-жылдын 1-июлунан быйыл 30-июнга чейин абадагы зыяндуу майда заттардан улам 112 өлүм катталып, 3568 адам катуу жабыркаган. Булганыч абанын айынан шаардын калкы тарткан экономикалык чыгым 2 миллиард сомго жеткен", - деп белгиледи изилдөөнүн авторлорунун бири, Калифорния университетинин профессору Руфус Эдвард.

2-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков ЮНИСЕФтин изилдөөсүндөгү бул маалыматка байланыштуу комментарий берди.

"Булганган аба түздөн-түз өлүмгө дуушар кылып жатат деп ойлобойм. Бул дартты козуткан фактор болушу мүмкүн. Мындай суроолорго жооп берүүдөн мурда олуттуу иликтөө жүргүзүп, илимий түрдө негиздеш керек", - деди Садыков.

Изилдөөдө абанын булганышын аныктаган жабдыктардын көрсөткүчтөрү менен Улуттук статистикалык комитеттин ачык маалыматтары жогорудагы сандарды тактоо үчүн колдонулган. Саламаттык сактоо, Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бишкек мэриясынын техникалык колдоосу менен ишке ашты. Экономикалык анализди окумуштуу Рахат Сабырбеков жүргүздү. Жаңы конуштардагы талаа иштерин М-Vector бейөкмөт уюму уюштурду.

Бишкектеги абанын булганышына шаардагы менчик үйлөрдүн көмүр жагуусу себеп экени белгиленди. Борбор калаа бир нече жылдан бери абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын ондугуна кирип келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG