Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Испания соту Украина элчилигиндеги жардырууну теракт катары иликтейт


Испаниянын Улуттук соту Украинанын Мадриддеги элчилигинде болгон жардырууну болжолдуу теракт катары иликтейт. Бул тууралуу Europa Press маалымат агенттиги юридикалык булактарга таянып билдирди.

Судья окуя боюнча толук жана конкреттүү деталдар чогулганда толук тергөө башталарын билдирген.

30-нобярда Испаниянын борбору Мадридде Украинанын элчилигинде жардырууда бир кызматкер жаракат алган. Элчи Сергей Погорельцев почтадан келген конверт жарылып кеткенин айткан. Окуя катты имараттын коменданты карап жаткан учурда болгон.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Мадридден бул окуяны тыкыр иликтөөнү өтүнгөн. Ал ошондой эле чет жактагы украин элчиликтеринин баарында коопсуздукту күчөтүү тапшырмасын койду.

Испаниялык басылмалардын маалыматына караганда, бир күн мурун ушундай эле шектүү пакетти Сарагосадагы курал-жарак чыгарган Instalaza компаниясы да алган. Компания Украина үчүн да курал даярдайт. Бирок ал баштык жарыла электе жок кылынган.

Бейшембиде Торрехон-де-Ардос авиабазасына шектүү баштык келгени тууралуу да кабар тарады. Бул окуялардын бири-бирине байланышы бар-жогу жана анын артында ким турганы азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG