Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Германия "Голодоморду" геноцид деп тааныды


"Голодоморго" арналган скульптура. Киев.
"Голодоморго" арналган скульптура. Киев.

Германия парламенти 1932-33-жылдардагы ачарчылык - "Голодоморду" украин элине карата геноцид деп тааныды. 30-ноябрда кабыл алынган резолюция тууралуу Бундестагдын сайтына жарыяланды.

Резолюция парламенттеги көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. "Германия үчүн альтернатива" жана Солчул партияларынын депутаттары калыс позицияда калышты.

Документте Германия Сталиндин тушунда Советтер Союзунун саясий жетекчилигин геноциддин аткаруучулары катары тааныганы айтылат.

25-ноябрда Ирландиянын Сенаты жана Молдова менен Румыниянын парламенттери ушундай резолюцияны жактырган.

АКШ мындай резолюцияны 2018-жылы, Чехия 2022-жылдын апрелинде кабыл алган.

16 жыл илгери Украинанын Жогорку Радасы 1932–33-жылдардагы "Голодоморду" украин элине каршы "геноцид" катары тааныган.

Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы совет бийлигинин катаал саясатынан улам миллиондогон адам ачарчылыктан набыт болушкан. Өкмөт украиналык дыйкандардын түшүмүн жана азык-түлүгүн тартып алып, жамааттык чарбаларга кирүүгө мажбурлаган. Анын кесепетинен 3-7 миллион адам кырылганы айтылып жүрөт.

Украинада жыл сайын ноябрдын төртүнчү ишембисинде ошол кезде жашоо менен кош айтышкандар эскерилет.

Ал эми орусиялыктар мындай ачарчылык Волга боюнда, Казакстанда жана башка советтик аймактарда да орун алгандыгын белгилешет.

Казакстандагы ачарчылыктын айынан жүз миңдеген казактар Кытайга, Кыргызстанга, Ирандын чыгышына чейин качууга мажбур болушкан. Кыргыз АССРинин бийлиги жана калкы бозгун казактарга кайрымдуулук кылганы маалым.

Борбор Азия өлкөлөрүндө КГБнын ушул кайгылуу доор тууралуу мурдатан жашырылып келген маалыматтары дагы эле толук ачыкка чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG