Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Пакистанда мектепке кол салуудан бир адам өлдү


Пакистандагы кыздар мектеби. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистандагы кыздар мектеби. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын полициясы 1-декабрда кыздардын мектебине кол салуудан бир адам каза таап, дагы бир киши жарадар болгонун маалымдады.

Жоочулар Түштүк Вазиристан аймагындагы тынч эмес райондогу билим берүү мекемесине ок чыгарышкан. Каза болгон адам жолдон өтүп бараткан, андан башка мектеп сакчысы жараат алган.

Жергиликтүү полиция кол салгандарга күч кызматкерлери ок чыгарганын, бирок чабуул жасагандар качып кетүүгө үлгүргөнүн маалымдады. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

30-ноябрда Пакистандын Белужистан провинциясынын административдик борбору Кветта шаарындагы жардыруудан төрт адам каза болуп, 30дай адам жабыркаган. Жардыруу үчүн жергиликтүү талибдер жоопкерчилик алган.

Пакистанда тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму бийлик менен кабыл алган ок атышпоо келишиминен чыкканын 28-ноябрда жарыялап, өз жоочуларына өлкөнүн бардык аймактарында чабуул жасоого буйрук берген. Пакистандык талибдер бийлик өкүлдөрүнө, коопсуздук жана күч кызматкерлерине кол салуусун уланта баштады.

Пакистандын бийлиги менен "Техрик-и-Талибан Пакистан" тынчтык келишими ооган талибдеринин ортомчулугу менен быйыл июнда түзүлгөн эле. Андан бери өкмөт өкүлдөрү талибдер менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече раундун өткөрдү, бирок андан чоң жыйынтык болгон эмес.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.

Расмий Исламабад жергиликтүү талибдерге каршы улам-улам операция жүргүзүп, аймактагы согушкерлерди Ооганстанды көздөй сүрүп чыгып турат. “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын мүчөлөрү кайрадан аймакка кайтып, өкмөттүк күчтөргө күн алыс чабуул жасап турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG