Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Баткен: атайын эсепке чогулган акчанын 148 млн. сому коротулду


Чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 338 млн. 330 миң сом чогулду.

Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, 1-декабрга карата бул каражаттын 148 млн. 758 миң сому сарпталды.

Бул эсеп элдин демилгеси менен ачылып, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которгон.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй кайра оңдолууга тийиш.

Төрт мектеп, беш саламаттыкты сактоо мекемеси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн. Суук түшкөнүнө карабай турак жайлардын курулушу бүтпөй жатканы бир нече жолу көтөрүлдү.

“Озоди” жергиликтүү элге таянып, тажик тараптан да турак жайлар, социалдык объектилер талкаланганын жазган. Көз карандысыз башка булактардан маалыматты тактоо мүмкүн боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG