Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Саламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы Саламаттык сактоо министрлигинде 2021-жылы 29 млн. 215 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Министрлик бул сумманын 17 млн. 350 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо азырынча анын 875 миң сому гана өндүрүлгөн.

Эсеп палатасы мындан тышкары эмгек акыга 11 млн. сом негизсиз төлөнгөнүн, 1 млн. сом иш сапарларга ашыкча коротулганын, 3,3 млн. сом дебитордук карызды жаап-жашыруу болгонун кабарлады. 13 млн. сомдон ашык бюджеттик жоготуулар, 22 млн. 795 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылганы аныкталган.

2021-жылы Саламаттык сактоо министрлигин Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген. Ал “коррупция” иши менен быйыл август айында кызматтан алынган.

Алымкадыр Бейшеналиев июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кылмыштын курамы жок деген жүйө менен иш август айында токтотулганы ноябрдын башында гана белгилүү болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG