Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

ӨКМ Таласта учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты


Социалдык медиада тарап жаткан сүрөт. Талас облусу.
Социалдык медиада тарап жаткан сүрөт. Талас облусу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Талас менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы Токтогул районунда тоого учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын орун басары Нуржан Ештаев билдирди.

“Жерүйдүн кызматкерлери менен тоого барып дрон менен карап келдик. Учак табылган жок. Конгону же учуп кеткени белгисиз. От күйүп же түтүн чыгып жаткан жер жок. Эч нерсе тапкан жокпуз”, - деди Ештаев.

Бир күн мурда социалдык тармактарда Талас районунун Бекмолдо айылынын түндүк тарабындагы тоого учак кулады делген видео тараган. Видеодо белгисиз аппарат тоодон ылдый түшүп баратканы көрүнгөн. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG