Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Актёр Мурадилаевдин абалы кайра оорлошуп, операцияга жардам чогултула баштады


Азиз Мурадилаев Алымбек датканын ролунда.
Азиз Мурадилаев Алымбек датканын ролунда.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев оор абалда Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасына жазып, операция үчүн жардам чогултулуп жатканын билдирди.

Ага акчалай көмөк керек экенин башка маданият кызматкерлери да билдирип, коомчулукту кайдыгер карабоого чакырып жатышат. Маалыматка караганда, актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керек. Ага 45 миң доллар сарпталат.

Азиз Мурадилаев гепатиттин С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экени айтылып, Азиз Мурадиллаев ошол кезде элден чогултулган акчанын калганын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

1978-жылы туулган Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта ал “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG